Сураныч, эч кимиңиздер оорубагыла, — Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө

Сураныч, эч кимиңиздер оорубагыла, — Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө

30-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Алдыда КМШ мамлекет башчыларынын саммити болорун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүк жыйында министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө эскертти.

Ал белгилегендей, ушул жылдын 12-октябрында Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары күтүлүүдө.

Мындан тышкары 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммити, 25-октябрда КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жыйыны болот.

«Сураныч, эч кимиңиздер оорубаңыздар. Баарыңыздарга рахмат. Мен сиздер менен иштегениме кубанычтамын!», — деди министрлер кабинетинин төрагасы

Булак: Аргумент кж