Сурабалдиева ЖКнын трибунасында жеке эле маселелерин көтөрөбү же…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомчулукта талкуу жараткан окуялардын бири: Депутат Элвира Сурабалдиева менен УКМнын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин ЖКдагы болгон кайым айтышуусу болду. Анда депутат айым анын бизнесин ыгы жок текшерип салык төлөбөй жатат деп күнөө койгонуна каршы чыгып муну атайлап жасап жатасынар дегенди айтты. Ага жооп иретинде Ташиев бул маселе менен ал жана анын мекемеси иштебей тургандыгын айтып, баардык маселени салык кызматы менен чечип алууну сунуштады. Анан сырткары Сурабалдиева биздин өлкөдө бир эмес, эки президент бар деген сезим ойноп кетээрин ачык айтты. Ага жооп иретинде Ташиев юмор аралаштырып биздин өлкөдө канча президент бар экенин сиз сөзсүз билишиңиз керек деп жооп кайтарды. Соцтармактарда да, бул окуя кеңири талкууга түшүп, бир тобу Сурабалдиева эмне үчүн  өзү шайланган Бишкеке шаарынын толтура проблемаларын көтөрбөй эмне үчүн жеке бизнес маселесин алып чыгат? деп күнөөлөштү. Сыртынан карасаң бул коюлган доомат туура сыяктуу. Чындап эле ЖК жеке маселени алып чыкчуу аймак эмес. Буга чейин депутат айым көптөгөн орчундуу маселелерди ачык көтөрүп, бийликтин алдына койчу. Бул жолу болсо өз бизнесинин маселелерин ачык айтууну туура көрдү. Эми  мындан ары депутат айым шайланган округунун курч маселелерин ачык көтөрүп чыгат болуш керек. Ташиев мырзага да коюлган суроолорго  коомчулук ачык жоопторду алат деп ишенели. Чындап эле ЖКнын төрөгасы Н.Шакиев айткандай ЖК жеке маселелерди кайым айтышуу жолу менен чече турган орун эмес.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg