Сурабалдиева: Чыңгыз Айдарбеков эч жерде жок, таппай жатабыз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Эльвира Сурабалдиева буга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатканын билдирди.

«Чыңгыз Айдарбеков эч жерде жок, таппай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыкпай жатат. УКМК азырынча комментарий бере элек», — деди ал.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан токтотулган. Алар Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан.

Өткөрүү пунктунан аларды УКМКнын кызматкерлери тосуп алып, УКМКнын имаратына алар менен барууну суранышкан. Бир аздан кийин Жамгырчиев бошотулган.

Аргумент.kg