Сулайманов Баатай, “Эл аралык Виза борборунун” директору: “Жарандар сыртка чыгарда документке так болушу керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бакыт издеп баарына кайыл болуп бөтөн жерге  бет алган жарандар айрым учурда бейтааныш элдин жашоо шартына көнө албай ката кетирип алышат. Сыртка чыгууну каалагандар алгач бара турчу элдин эрежесин, жашоо шарты менен таанышып алуусу шарт экенин баарыбыз билебиз. Чет өлкөгө барып иштеп келүүнү каалагандар үчүн “Эл аралык Виза борборунун” директору Сулайманов Баатай менен маектештик.

-Саламатсызбы Баатай мырза сиз жетектеген “Эл аралык Виза борбору” аркылуу жарандарыбыз чет өлкөгө кетип жатышат. Өзгөчөлүктөрүңүз эмнеде?

-Биздин борбордо сыртта окуп, иштеп келгендер иш алып барышат. Мындан сырткары 28 мамлекетте консул болуп иштеген экс консул агабыз бар. Ал жарандарыбыз кете турчу мамлекеттердин мыйзамын, эрежелерин жакшы билет, кагаз иштерибиз да алардын жергесинде кыйынчылык жаратпагандай толтурулуп келет. Мен өзүм да 3 жыл Англияда окуп иштеп келгем. Сыртта жүрүү кандай экенин аябай жакшы түшүнөм. Ошондой эле биздин командада Канада мамлекетинин жараны да иштейт. Биз сыртка кетип жаткан жарандын ал өлкөдө өзүн толук кандуу жашоочудай алып жүрүүсүнө кам көрүп келебиз.

-Борбордон жарандар кандай кызматтарды ала алышат?

-Сырттан иштеп келүү, окуу, үй-бүлөлөрдү бириктирүү, гранддык орундар, грин карта, ВНЖ, ПНЖ жана качкын статусун алуусуна көмөктөшөбүз. Айрымдар бир эле кагаз менен жумуш бүтөт деп ойлошот. Бир эле кагаздагы тамгадан ката кетип калса сыртка чыга турчу жаранда ал өлкөдө көйгөй жаралып калуусу толук ыктымал. Андыктан ар бир сыртка чыгууну каалаган жаран бирөө-жарымдын аз акчага бүтүрүп берем дегенине ишеним артпай бир эле компанияга кайрылбастан дагы эки компанияга кирип кеңеш алышы керек.  Бизге келген жарандарга кеңеш берүүдө кайсы өлкөгө кете турганын сурап андан кийин ал өлкөнүн мыйзам-эрежесине ылайык кеңеш беребиз. Андан ары биз аркылуу кетүүнү кааласа кызматыбызды улайбыз.

-Сиздерге кайрылган жарандар кайсы өлкөлөргө басым жасашууда? Дегеле кайсы өлкөлөргө суроо –талап жогору болууда?

-Бизге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү айлык акысы жогору деп аталган АКШ, Канада, Англия, Бириккен Араб Эмираты, Корея өлкөлөрүнө кетүүнү каалагандар. Мындан сырткары Японияга да көп кете башташты. Булардын басымдуу бөлүгү сырттан иштеп каржы маселесин жакшыртып келүүгө аракет кылгандар. Айрымдарына алар каалаган өлкөдөн берилген бош жумуш орундарын сунуш кылабыз. Биринчи кетип жаткандар ал жерге адаптация болуп, ал жактан турак-жай, жумуш кароо жагынан аябай кыйналарын жакшы билебиз. Кореяга кетип жаткандардын айрымдары ал жакка турист катары визанын бүтүрүп, барып иштешет. Алар мекенге кайтканда экинчи жолу ал өлкөгө кирүү жолу жабылып калат. Биз бул жол менен иштеп келүүнү каалаган жарандарга коркунуч бар экенин ачык айтабыз. Бирок айрымдар болбой эле турист катары ал өлкөлөргө кетип жатышат.

-Азыр студенттер арасында  Кыргызстандан тышка чыгып окуп келүүнү каалап тил үйрөнүп жаткандар көбөйдү, алар кандай жол менен виза ача алышат?

-Сырттан окуп, ийгилик жараткан мекендештерибиз көп. Андыктан жаштар сырттан билим алууга умтулууда. Окууну каалагандар Кыргызстандан интернет аркылуу ал жактагы окуу жайларына экзамен тапшырышат. Окуу жайга өткөндөргө ал жактан чакыруу келет. Чакыруунун негизинде документтерди топтоп, визасын бүтүрүүгө жардам беребиз. Ар кайсы өлкөнүн талабы ар башка болот. Мисалы Европа мамлекеттерин алмак, алар шенген зонаны камтыйт. Алардын белгилүү бир талаптары бар. Мисалы, соттолбогону тууралуу маалымкат, окуу жайдагы алган баалары сыяктуу маалымкаттар талап кылынат.

-Кыргызстанда туруп башка өлкөдөн жумуш таап кетүү мүмкүнчүлүгү бар эмеспи бул тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Чет өлкөдөн жумуш таап документ бүтүрүп жөнөтүп беребиз дегендер толтура бирок, баары эле айтылган сөздү аткара беришпейт. Ал үчүн лицензия керек, бизде бар.  Биз ошол аркылуу табылган гана жумуштарга документ бүтүрүп жибере алабыз. Мисалга алсам Европада узак жолго чыкчу унаа айдоочу, мейманканаларга кызматкер, курулуш же завод фабрика кара жумушчу керек деп бизге жумуш орундарын беришет. Бизге берилген жумуш орундарды келген жарандарга сунуштап, документин бүтүрүп, визасын даярдайбыз. Айрымдар жөн гана турист караты көрүп келүүнү каалашат. Алар виза бүтүрүүгө негизги талап алардын банк эсебинде белгилүү бир өлчөмдө каражат болуушу. Себеби ал адам бара турган өлкөгө эс алып келгени чыгып жатат. Ал жерде анын чыгашасы болот. Мындай учурда ал адам барган өлкөдө акчасы жок сыртта калбоосу керек деген маселе каралат.

 

Даярдаган Дамира СААЛИЕВА

Аргумент.kg