Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм… Эки ортодо калган жигит

Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм… Эки ортодо калган жигит

27-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы, кандай кыларымды билбей башым катып турган чак. Үй-бүлөлүүмүн, кызым бар. Жубайым экөөбүз жети жыл жүрүп, үч жыл мурун баш кошконбуз. Келинчегим акылдуу, жакшынакай, аябай камкор. Экөөбүз жумуштан таанышканбыз. Дароо эле баш-отум менен берилип сүйүп калдым эле. Азыр да жакшы көрөм. Жубайым менен кайын журтумдун профессионалдуулук жактан өсүшүмө, адам болуп калыптанышыма салымы чоң. Ата-энем жок болгондуктан кайната, кайненемди жакын көрөм, ортодо жылуу, сый мамилебиз бар.

Болгону келинчегимдин ит кыялы жүрөккө тийип бүттү. Элдин көзүнчө жадырап-жайнап, айтканым менен болуп келет. Бөлөк-бөтөн киши жок болору менен кемирип-жей баштайт. Жакшы көңүл бурбай жатканымды айтат, кызгана берип кулак-мээмди жейт. Баарына чыдап келдим, мамилебизди бузбайын деп аракет кылчумун. Анын үстүнө жытыбыз сиңишип калгандан кийин майда-барат нерсеге көңүл бурбайын дээр элем.

Бирок эки жыл мурун башка аялга арзып калдым. Экөөбүз да жумуштан таанышып, алгач жөн гана сый мамиледе жүрдүк. Жакшы сүйлөшчүбүз, менин көңүлүмдөгүдөй аял эле. Убакыттын өтүшү менен ансыз жашай албай калганымды түшүндүм. Эми үйдөгү жаңжалдар да анчалык жүрөктү оорутпай, жумуштагы маселелер да мурункудай курч болбой калды. Мен аны буга чейин эч кимди, керек болсо аялымды да жакшы көрбөгөндөй сүйдүм. Бирок аялымды таштап кете албай турганымды жакшы билем, жанымды коерго жеп таппай жүрөм. Анткени кызым бар, ажырашсам жубайым кызымды таптакыр көрсөтпөй коет. Эч качан кечирбейт дагы мени. Аялдык туюму менен бир нерседен шек алып жаткандай, бирок илинчеги жок болгондуктан эч нерсе дебейт.

Булак:Аргумент кж