Сүйүнбек Камамбетов, КР мамлекеттик катчысы: “Өлүк коюлганда кой эмес, тоок да сойбойлу!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сүйүнбек мырза, соңку кезде ысырапкорчулукту жоюу боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Бул чечимдин максаты эмне? Коомдогу теңсиздикти жоюубу, же байларды тизгиндөөбү?

— Сөөк узатууда, той-топур өткөрүүдө ашыкча ысарапкорчулук атаандаштыкты жаратып, байлар, жардылар деп экиге бөлүп-жарып, ушундай жат көрүнүш коомду чачыраткандай болуп жатат. Бул демилге 1997-жылдан бери эле айтылып келген. Бирок, учурунда же коомчулук даяр эмес беле, же анын ишке ашырганга биз, мамлекеттик кызматкерлер даяр эмес белек, айтор, ийгиликке жетише алган эмеспиз. Мына, биринчи жолу Садыр Жапаров катуу негиздеме менен ушул жарлыкка кол койду.

— Демек, бул демилге мамлекеттик деңгээлде ишке ашабы?

— Эми жарлыктын ток этер жерине кыскача токтолуп кетейин. Кыргызда “Асандын же Үсөндүн денесин, өлүгүн коюптур” деп айтпайт. “Сөөгүн жашырды”, “сөөгүн чыгарат экен”, “коёт экен”, “акка моюн сунуптур” дейт. Илгери кыргыз жергебизге көптөгөн саякатчылар келген: орустар, англичандар, арабдар, айтор, Улуу Жибек жолу менен өткөн көптөгөн саякатчылар келип, көчмөндөрдүн бир нерсесине таңгалышкан. Көчмөндөр Көлдөн Каркырага, Кочкордон Арпа, Аксайга, Алайга, Ноокатка, Ала-Букага көчүп, мал артынан жүрүшкөн. Эмнегедир ата-бабалардын көрүстөндөрү баары тең бир жерде. Анан өздөрүнө өздөрү суроо беришкен: муну кандай түшүнсө болот? Булар алты айлап жайлоодо жүрүшсө, кыш түшкөндө жакага түшүшсө, алты айлык, жети айлык жерлерге көчүп кетишкенден кийин орто жолдон бирөөсү көз жумуп калса, көчүп келип, көмүп кайра кетишкенби? Эмне үчүн булардын сөөктөрү негизинен бир жерге коюлган?” деп таңгалышкан.

— Анан ошонун сыры кандай экен?

— Көчмөндөр жайлоодо же жортуулда жүргөндө бирөө жарым тоодон кулап, аттан жыгылып, айтор, ар кандай кырдаалда көз жумса, ичин жарып, этинин баарын шылып туруп, сөөктү арчанын башына байлап ташташкан. Үч ай болобу, алты ай болобу, жайлоодон түшмөйүнчө байланып турган. “Баланча киши зыян болуптур, акка моюн сунуптур, сөөгү баратат” деп конушка чабарман жиберген. Анан үч айдан кийинби, алты айдан кийинби, ата-бабалары турган конушка келип, сөөктү жашырышкан. Көчмөн элдерде ата-бабалардын сөөктөрү бир жерге чогулуп калганы ошондон улам. Кыргызда бир улуу сөз бар: “Бул сөөк таштабаган жигит, аркасынан ээрчигиле. Жылкы тийгенде же жоону качырганда, бирөөңөрдүн да сөөгүңөр талаада калбайт” деген. Жылкы тийгенде, чабышта бирөө шейит кетип калса, айланып барып, сөөктү өңөрүп алып качышкан. Бул канга сиңген нарк.

— Кыргыздар сөөктү урматтап, үч күн кармайт. Ал эми өзбек, уйгур сыяктуу кошуна элдер ошол эле күнү жерге беришет. Үч күндүн ичинде эл чогулат, мал союлат. Жарлыктан кийин бул салт, ата-бабалардан калган баалууктар жокко чыгабы? Же?..

— Эң туура суроо. Биз көчмөн журтпуз. Алай, Арпа, Ысык-Көлгө чейин кыргыздар бири-бири менен кудалашып, туугандашып, катташып турган. Сөөк узатуу салты кыргызда ыйык жана бийик болгон. Алыстагы кудалары келип коштошкончо эки-үч күн өткөн. Ошого чейин күтүшкөн. “Айланайын балам, сенден топурак буюрсун” деп айтат кыргыздар балдарына. “Алдыңа кетейин, сенин жамандыгыңды көрбөйүн” дейт. Алыс жакка кетип атышса, бир уч топуракты түйүп алып кетишкен. Ата менен бала таарынышып кетишсе, “топурагыңды түйүп кеткин” деген.

— Сөзүңүзгө аралжы, маселе ысырапкорчулук жөнүндө болуп атпайбы. Үч күндүн ичинде эки-үч жылкы, канча бодо мал союлат?..

— Илгери сөөктүн ээси бүгүнкү күндөй чыгымга, ысырапкорчулукка учураган эмес. “Манаста” минтип айтылат:

Төрт түлүгүн жайнатып,

Союшка малын айдатып,

Конушун атка жүктөтүп,

Кийиздерин бүктөтүп,

Өкүрүп келип түшүштү…

Өзүнүн чыгымын өзү көтөрүп келип атат. Союшун айдатып, конушун жүктөтүп, бозүйүн артынып… Өзүнүн бозүйүн тигип, өзү айдап келген малды жоро-жолдош, куда-сөөккө тартып, сөөккө топурак салып, анан узаган. Сөөктүн ээси мал сойгон эмес. Илгерки салтыбыздын бийиктигин карасаңыз! Көкөтайдын ашында атүгүл Коңурбай да өзүнүн союшун айдап келип атат…

— Азыр союп атпайбы?

— Балээнин баары ошондо болуп атпайбы! Азыр маркумдун бир баласы миң кишини күтөт. Эң чоң, эң акыркы тарыхый аштардын бири Шабдан Жантайга аш бергенде болгон деп айтып жүрүшөт. Ошол ашта Алайдан келген даткаларыбыз, Жумгалдан, Көлдөн келген кыргыз элинин жакшылары бээлерин жетелей, козуларын артына келип, бозүйлөрүн төөлөргө жүктөтүп келип, өкүрүп түшүшүп, топурак салып, өзүнүн чыгымын өздөрү көтөргөн. Журт кабары деп коёт, тегерек-четтин баарына кабар айтылган, “баланча тукумдан баланчанын баласы акка моюн сунуптур” деп. Топурак салып кетүү – маркумга болгон бийик урмат болгон. Эч ким эч кимге атаандашкан эмес, сөөк ээсине күч келген эмес. Бай-бийи, манабы да кедей өлүп калса өкүрүп түшүшкөн. Союштарын беришкен.

— Бирок, азыр ысырапкорчулук, теңсиздик болуп атат. Бирөө беш жылкы сойсо, бирөө бир жылкы да соё албайт. Биз ошону кантип тең салмакка алып барабыз?

— Наркты, салтты сактап, ошол эле учурда байлыгы азыраак кишилердин кадырын түшүрбөш үчүн бүгүнкү жарлык жаралып атат да. Мына, колунда бар, же мамлекеттик кызматта турган, балдар-кыздары чыйрак чыккан кишилер экиден-үчтөн мал союп, конок тосуп, “менин атам же апам акка моюн сунганда, алты жүз машина келип токтоду, үч жылкы союлду” деп даңазалап, кыймыл-аракети, союштары менен, келген мартабалуу кишилердин аты менен, жайнаган машина менен мактанып, текеберленип, ошол ишти кыла албагандарды басмырлап… Анан ал байкуштар “биздин эмнебиз кем?” деп карызга батып, балдары Россияга барып иштеп, аталарынын ашын өткөрүп, эстеликтерин коюп, теңсиздик болуп атпайбы. Кудай алдында өлүк улук. Падышаң болобу, бегиң, кулуң болобу, эки метр кепинге оролуп, жерге коюлат. Жыйнаган мал-мүлкүн көргө айдап кире албайт. Бирок, ошол жердеги мамиле социалдык тармактын быт-чытын чыгарып, атаандаштыкты пайда кылууда. “Менин эмнем кем?” деп кредитке акча алып, мал союп жатат. Ошондуктан, баары эки метр жерге киргендиктен, баарына бирдей мамиле болуш керек.

— Мына сиз мартабалуу кишисиз, мамлекеттик катчысыз. “Жаман айтпай жакшы жок” дейт, эртең көзүңүз өтүп кетсе, үй-бүлөңүзгө, балдарыңызга кандай керээз айтасыз? Сизге жылкы союш керекпи, же сойбой эле коюш керекпи? Мамлекеттик катчынын көзү өтсө, жети дубандан эл келип, бирок, мал союлбаганын элестете аласызбы?

— Мен эми өлбөй жашап турайын… Бирок, балдарга айтар керээзим болот. “Чыгым болбогула, менин атым менен мартаба, кадыр топтобогула. Эл катары, элден артта калбай, алдыга чыгып кетпей, учурдагы саясатты колдоп, дилиңер менен, ниетиңер менен кан чыгарбай узаткыла” деп эле айтам. Мен ушундай чечимге келип атам. Себеби, жанагыдай атаандаштык, “сенин мартабаңан меники ылдый бекен?” деген иш-аракети менен социалдык теңсиздикке алып келип атпайбызбы. Үлгүнү биз башташыбыз керек, байлар, колунда барлар, балдары тың чыккандар бүгүндөн баштап үлгү көрсөтүүлөрү керек. Кой эмес, тооктун каны чыкпашы керек. Ыраматылык Чубак ажы какшап жүрүп өттү. Абдышүкүр ажы, азыркы молдокелерибиздин баары тең “кан чыгарбагыла, ысырапкорчулукка жол бербегиле” деп какшап жатышат. Бул ислам динине да туура келбеген көрүнүш болуп атпайбы.

— Ушул мыйзам эми иштейби?

— Бул мыйзам эмес, ажонун жарлыгы. Ажо “тыюу салбай, сунуштайм” деди.

— Алайдан болобу, Ат-Башы же Таластан болобу, маркумдун куда-сөөктөрү келет. Топурак салгандан кийин алар тамак ичип кетиши керек да, же ачка кетиши керекпи?

— Ал жагы бар. Бирок, аны мындай чечсе болот: “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген кыргыздын сөзү бар. Мындан отуз жыл муда сотка эмне экенин сен экөөбүз тең билчү эмеспиз. Мурда чабармандар, же кат аркылуу кабарлашсак, азыр бири-бирибизди тиктешип алып сүйлөшөбүз. Заман өзгөрүүдө. Бул – бир. Экинчиден, мамиле өзгөрүп жатат. Демек, азыркы саясат дагы өзгөрөт. Өлүктү урматтап келген киши өкүрүп түшөт, жаназасына турат, топурагын салып, аттанып кете берет. Маркум менен коштошууга келген киши сөөктүн ээсин сыйлап, чыгымга батырбашы керек. Курсагын тойгузуп келсин. Ушул нерсени сен экөөбүз аң-сезимге киргизишибиз зарыл. Бишкектен баратканда Балыкчынын кире бериш жеринде аябай чоң көрүстөн бар. Көрүстөндүн он пайызынын үстүндө таш эстеликтер коюлган. Калганында бир дагы эстелик жок. Өзгөртсө болот бекен? Атандашпаса болот бекен?

— Сиз жакшы демилгени айтып жатасыз. Бирок, аны дароо ишке ашырыш кыйын го? Кичинеден кантип баштайбыз?

— Биринчиден, муну үлгү менен көрсөткөн өтө таасирдүү. Балыкчыда атасы кайтыш болгондо эстелик койбой, кичинекей жазуу коюп, бир үй-бүлө баштады. Экинчи үй-бүлө аны көрүп, улантып кетти. Азыр эстелик тургузулбайт.

Эми союш боюнча. Муну да ушинтип акырындан башташ керек. Бай адам, бардар адам баштап, жетекчилер үлгү көрсөтүүлөрү абзел. ЖМКлар, таасирдүү кишилер колдоп чыкса эле эл ээрчийт аркасынан. Мына, ажобуз баштабадыбы! Ал 600 метр жердеги атасына топурак сала албай калды. Энеси, иниси өткөндө да түрмөдө эле. Баласы өткөндө боштондукта болчу, бирок ошондо да бир мал сойбой, кан чыгарбай узатты. Эмне, жылкы союп, алыс-жакындан келгендерге тамак берген Садыр Жапаровдун колунан келбейт беле? Келмек. Бирок, президент эмес учурунда эле ысырапкорчулукка каршы чыгып, ушул ишти баштаган.

— Бирок, муну менен биз ата-бабалардан келген салтты жокко чыгарып жаткан жокпузбу?

— Мен жана сизге “Манастан” үзүндү айтып бербедимби. Шабдандын ашын айттым. Кыргыздын башка да эски дастандарын караңыз. Сөөк ээсине оорчулук келтиришкен эмес. Биз ошол бабалардын нукура каада-салтын бузуп, орусча айтканда, трансформация болуп, орунсуз көрүнүштөр салтыбыздын арасына кыпчылып кирип алган. Атасы моргдон келе электе жылкы, бозүй издеп жөнөйт. Азапка түшүп атпайбы! Ошонун баарын четке сүрүп чыгарыш керек. Биз унутулуп эле калган салттарыбызды козгойлу, кайра уланталы. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болот. Ар бир айыл өкмөтүнө жеткирели. Кой эмес тоок да сойбойлу деген сөздү элдин баарына жеткирүү зарыл. Түшүндүрүү, ынандыруу жолу менен. Ошон үчүн президентибиз жарлыкта “сунуштайм” деп айтып атат. Аны эл кабыл алышы керек.

— Анан эртең элден сын пикир укпайсызбы?

— Сын айтышы мүмкүн, сөгүшү да мүмкүн. Эки жыл мурда мен атамды узаттым. Манасчы, комузчу, теңтушу, жоро-жолдошу, кесиптештери көп адам болчу. Киши аябай көп келди. Бир эмес, үч жылкы союлуп кетти. Андыктан, коомчулук “мамкатчы өзү атасын үч жылкы союп узутып алып, бизди тыйганы эмнеси?” деп эртең эле суроо берет. Мен жооп берейин. Биринчиден, ал кезде саясат мындай эмес болчу. Экинчиден, мен үчүн кыйын эле болду. Төрага Дастан Жумабековго кирип, “атам кайтыш болуп кетти, алты айлык айлыгымды эртерээк алайын” дедим. Мен дагы пендемин, менин дагы намысыма тийишти. Эми салтты жаңырталы. Мен кетирген катаны башкалар кайталабасын. Ошол кездеги кырдаал, жазылбаган мыйзам, айтылбаган талап ошондой болгон. Бирок, менчелик мүмкүнчүлүгү жок жоро-жолдошум кемсинип калды да. Анан ал карызга батат да. Эми болор иш болду. Мындан ары жаңы салтты бирөө башташы керек да. Сөзүм өтөбү-өтпөйбү, мен ушуну какшап айтышым керек. “Көп түкүрсө көл болот” дейт Асыке. Бир тамчыдан баштайлы…

Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg