Коом

Сүйүктүүм эскордница болуп иштейт экен

Бишкектин ресторандарынын биринен Майрам менен таанышып калдым. Майрам башкалардан айырмаланып, адам менен бат тил табышкан, жароокер кыз экен. Башында телефондон сүйлөшуп жүрсөк кийин жолугуша баштадык. Дайыма жумуш деп шашып кээде жолугушуу учурунда шашып кеткен күндөрү болду. Кайда иштейсин десем туристерге котормочу болом, алар менен жүргөндө телефонду өчүрүп коем деп калчу. Мен чынында ишендим. Жүрүм туруму ак сөөктөрдөй, телефонунан тартып унаасына чейин акыркы үлгүдө эле. Кээде аны менен жолугушуудан уялам. Менин киймим жупуну болуп калаар эле. Бирок менин кысынганымды Майрам өзү жок кылып, башка жашоодо сүйрөп кетер эле. Ошентип эки жылдан ашуун кыз-жигит болуп жүрдүк. Үйлөнүү сунушун бир нече жолу кылдым, Майрам четке каккан жок, бирок артка жылдырып келе берди. Бир күну шефим Дубайга учуп жатканын айтып калды. Мени аэропортко жеткирип келүүмдү суранды. Шефтин жакын адамы болгонго жок дей алган жокмун. Ал күнү шефим достору ал жакта  эскордница алып күтүп турганын айтып калды. Достору туулган күнүнө бир жумага белек кылыптыр. Кызыктым. Тирүү адамды да бир жумага белек кылганы кызык экен деп койдум ичимден. Ошентип аэропортко жеттик. Шефим түшүп, сумкаларына жардам берип калдым. Бир кезде ары жактан анын жакын досу Азат Майраш менен келе жатты. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Унаанын капталында турган мени байкаган жок. Көптөн берки таанышындай шефимдин мойнуна апакай колдорун асып экөө кучакташа ичкери кирип кетти.  Артынан сумка алып бара жаткан Азаттын шоферуна сумканы кармата салдым да кала бердим. Бир жумадан ашуун Майраш мага телефон чалган жок. Он беш күн дегенде келди. Мен ага шеф менен кучакташып кетип жатканын көргөнүмдү айттым. Майраш танган жок, болгону ал анын жумушу экенин айтты. Көрсө ал эскордница болуп иштегенине жети жыл болуптур. Бир түнкү акчасы сойкулардын бир айлык акчасына барабар экен. «Биз интеллектуалдуу, ак сөөктөрдү тейлеген элитный сойкуларбыз. Биз башкалардай арзан кийинип, арзан ойлонбойбуз. Бизди ак сөөктөр аял кылып алат. Эскордница болуп иштегендердин көпчүлүгү байлардын токолу же аялы болушат, ага эмне анча териктиң. Мен күнүнө 1000 долларга чейин табам. Жашоо бир келет, аны да барктай билип баалап жашаш керек»-деди. Эмне дээримди билбей нес болуп калдым. Ишене албай көпкө отурдум. Менин түрүмдөн баарын түшүндүбү столдон туруп басып кетти. Сүлкүлдөй баскан сулуу Майрамды артынан карап, аны ак сөөктөрдүн сойкусу деп айтууга оозум барбайт эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *