Коом

Сүйлөшкөн кызымдын боюнда бар, бала менден эмес окшойт…

Мен бул сайттатагы тагдырларды көп окуйм. Аларга кеп-кеңешин бергендер да көп. ал эжелерге түз кайрыла алган жокмун. Анткени алар менин атымы ачыктап салышы мүмкүн. Андан көрө аноним менен жалпы кайрылууну туура көрдүм. Мени жаман көрүп сөгө бергиле мага окшогондор толтура. Азыркы кыздарга ишенич да жок. Эки жылдан бери бир кыз менен жакын мамиледе болуп жургөнбүз. Эч кандай сактануусуз эле жашап келдик. Быйыл айылдан чөп жыйнап келгенде боюмда бар дейт. Бала меники экенине ишенесиңби десем кыйкырып өкуруп мени менен уруша кетти. Эми бала кереги жок болсо аборт кылдырам деп жатат. Менин ишенбегеним чөпкө кеткенде бирөө менен болуп алып мага шылтап жатабы деген ой келип жатат. Негизи ал кызды мен жакшы көрөм, бирок азыркы учурда баласы ашыкча болуп жатат. Меники экенине кантип ишенсем болот?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *