Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган

Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган

06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Түркиянын Стамбул шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратова 25-июндан бери дайынсыз болуп, 5-июлда табылды. Түркиялык басылмалар Жазгүл жоголгонго аны кимдер көргөнү тууралуу жазды.

Белгилүү болгондой, ал иштөө үчүн Болгарияга Түркия аркылуу барууну пландап, 22-июнда Стамбулга учуп барган. Ал жактан автобуска отуруп, Болгариянын Варна шаарына кетмек

Жазгүл Шамуратова Сабиха Гөкчен аба майданына келгенден кийин телефону тартпай калып, 1 күн каякта болгону тууралуу эч кимдин маалыматы жок. Шамуратова 24-июнга караган түнү Хасанпаша кичирайонунда Хакан Ч. аттуу дүкөнчүгө телефонун жоготуп алганын айтып, жардам сураган. Жазгүл апасына телефон чалууга аракет кылып, бирок байланыша албай койгон. Дүкөнчүнүн сунушу менен ал апасына Instagram социалдык баракчасынан үч үн жазуу жөнөткөн.

Апасына жөнөткөн билдирүүлөрдө “апа бул тааныш адамдын телефону. Ушул номерге чаласызбы? Жооп берип коюңуз, сураныч”, “Апа ушул номерге тез чалсаңыз, Варнага дагы деле жете элекмин. Азыр убактылуу бир жерде калдым. Такси чакырып, Варнага чейин барганга акчасын төлөп берип же жөнөтүп коесузбу? Бул жакка келгенде (Варнага каттаган – ред.) автобустар жок болчу жана азыр мен Түркиядамын. Варнада эмесмин. Бир маселелер чыгып калды. Варнага эки-үч күн мурун чыгышым керек болчу. Ушул номерге тез арада чалыңыз” деп айтылган

Булак: Аргумент кж