Өспүрүмдү алдан телефонуна тартып алган жаран кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бирөөгө чалып алайын деп өспүрүмдүн телефонун алып качып кеткен эркек адам кармалды. Бул тууралуу Ленин РИББнын басма сөз кызматы жазып чыкты.

Маалыматта, окуя 2-август күнү Кулиев көчөсүндө болгон. Ошол күнү өспүрүмгө өтуп бара жаткан адам кайрылып бирөөгө чалып алууга телефонун берип туруусун суранган. Ал өспүрүмдөн телефонун алгандан кийин качып кеткен. Жабырлануучунун апасы милиция бөлүмүнө кайрылган. Бул боюнча кылмыш иши катталып, шектүү кармалды. Ал буга чейин убактылуу камоочу жайда эки ай жатып чыккан 1992-жылы туулган жаран болгон. Учурда ушундай окуяга кбылып алданган жабырлануучулар болсо төмөнкү телефонго байланыша алышат. Т:0(312) 352-947, 0(312) 654-494, 0(704) 433-666, 0(702) 567-388 и 102.

Аргумент.kg