Сот Чым-Коргонго жөнөткөн Даниэль Ажиев чет өлкөдө эс алып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чет өлкөдө эс алып жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармакта жарыялап жаткан Даниэль Ажиев Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан соттун чечими менен чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева билдирди.

“Быйыл февраль айынын орто ченинде Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканасынан соттун токтому менен чыккан. Ага ылайык, жашаган аймагында көзөмөлдө болот”, — деди Каргабаева.

Даниэль Ажиев 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялаган. Анда муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп, кыргыз элин жалпылап сөккөн. Бул окуядан көп өтпөй «расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга» айыпталып кармалган. Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган.

Кийин соттун чечими менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жактан Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына которулган.

Аргумент.kg