Сооронкулова: Төшүн койгулаган Мамытканов дымыгып калды го

Мындай пикирин Клара Сооронкулова жеке фейсбук баракчасына жазды:

Баса, бул экөө кайда? Көкүрөк кагып, жакасын айрып, элим жерим деп күпүлдөп жүргөн эр азаматтарыбыз жумшак креслого жумшак жерин батырып, маанисиз министрлик папкесин кучактап отуруп калыштыбы? Дымы жокко булардын? Чоң Казатка чыккандар кайдасыңар? Жеңдиңерби же жеңилдиңерби? Кабарыңар барбы?
“Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени, ак куулар сени, ак куулар сени саагынар.”

Add your comment

Your email address will not be published.