“Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына татыктуубу?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына татыктуубу? Анын үч жылдык башкаруусу мыйзамдуу өттүбү?..” деген суроо узаттык. 

Алмаз Темирбек уулу, журналист:

— Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына татыктуу эмес. Анын башкаруу учурунда мамлекетибизде казык да кагылган жок. Экономика катып калды. Бийликке болгон элдин ишеними төмөн түшүп кетти. Оппоненттерин куугунтуктап, Атамбаев менен алышып жүрүп бийликтен кетти. Мамлекет үчүн, эл үчүн куурай башын сындырган жок.

Пандемияда жарым миллиард долларга чукул акча карыз алынып, желип кетти. Октябрь окуясында элге ок атылып, Үмүт кайтыш болду. Жүздөгөн балдар ар кандай жаракат алышып, майып болушту. Демек, өз элин аттырган адамга “экс-президент” макамы берилбеш керек. Мыйзам чегинде жооп бериши зарыл. Бүгүн болбосо да, бийлик алмашканда кыянаттык иштерине жооп берет.

Назгүл Мамытова, журналист:

— Сооронбай Жээнбековдун уяты жок! Ал “экс-президент” макамына татыксыз! Мен мурда бул кишини “досу Атамбаевди сатып кетти, достуктун кадырын билбейт экен” деп жүргөм. Көрсө, Сооронбай Жээнбеков бир туугандын да кадырын билбейт экен. Асылбек Жээнбеков камалганда өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргоп, бир тууганы тууралуу бир ооз пикир билдирип койгонго жараган жок. Кайра мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан жерде президент Садыр Жапаровдун эски бийликке айткан сын-пикирин угуп отурат. Ушундан кийин бу киши тууралуу жакшы эмес, жаман да сөз жазгым да, айткым да келбей калды.

Эрлан Жымгырчиев, коомдук ишмер:

— Соке “сен мага тийбе, мен сага тийбейин, оокат баарыбызга жетет. АШАнын түрмөдөгүсү жакшы, аны ээрчигендер камалат, маселени мына мен чечем” деп өзүн-өзү алдоо менен өттү. Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда илим-билимдүү, тажрыйбалуу, татыктуу, тайманбас лидер жоктой пикир жаратып, келечекти бүдөмүккө такап кетти. “Жатып өлгөнчө, атып өл” деген сөз бар. Кыргыз элине мындай адамды мамлекеттик казынабыздан бакканыбыз күнөө, келечегибизге балта чапканыбыз деп эсептейм. “Экс-президент” макамынан эл эбак эле ажыраткан, эми мыйзам чегинде алып салыш керек, ошондо адилеттүүлүк болот эле.

Алга Кылычов, эксперт:

— Бийлик ээси – эл. Кадыры жок кылмыштуу, үй-бүлөлүк клан жээнбековдор элдин нааразычылыгын жаратып, бийлиги кулаганына туура бир жылдан ашып барат. Албетте, Сооронбай Жээнбеков экс-президенттик макамга татыктуу эмес. Булар жөнүндө сүйлөгөн да жийиркеничтүү. Үч жыл бою саясый оппоненттерин камап тим болбостон, ооз ачкан карапайым элден бери камап, кечирим суратып, маашырканып, акыл-эси бар адам кылбаган иш менен кунарсыз бийлиги жүрдү. Керек болсо оорудан, өлүмдөн да акча жасап, дүйнөгө келген апаат ооруну элдин нааразычылыгын токтотуучу курал кылды. “Тез жардам”, дары-дармекти айтпай эле коёлу, 50 тыйындык бахиланы 150 сом, 3 сомдук беткапты 25 сомдон казынанын эсебинен эбегейсиз акча коротуп, өлүмдөн, оорудан коррупция кылышты. Бийликти колуна алуу максатында иниси “Биримдик”, кудасы Алиярбек “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу бир күндүк партиялар менен добуш сатып алуу, админресурс колдонуп шайлоо өткөзөм деп, акыры эл тарабынан бийлиги куулду. Азыркы президент негедир Сооронбайды калкалап, өзү айткандай ырымдап, кудасы Алиярбек “мамлекет эсебинен байыганым чындык” деп 20 миллион сом мамлекет эсебине төлөп бергенине карабастан, азыр шайлоого аттанганы эмнеден кабар берет? Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү эмес болсо, анда президент болуп отурбайт беле? Азыркы кезде маалымат жыйында “анын кол тийбестиги алынбайт” дегени –Сооронбайга кандайдыр бир көз каранды сыяктуу пикир жаратууда. Анда эл эмне үчүн көтөрүлдү? 18 жаштагы Үмүттүн, миңдеген жаракат алган жарандардын убалы кимге? Эл менен эсептешпей, өзүмбилемдик кылып Жээнбековду коргогону эч жакшылыкка алып барбайт. Эртели-кеч Соке мыйзам чегинде жооп бериши керек. Сокеде азыр кол тийбестик жок. Себеби, жаңы мыйзам боюнча жана өзү демилгеп Атамбаевдин кол тийбестигин алган мыйзамсыз мыйзамы өзүнө гана иштейт!

Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” коомдук уюмдун төрагасы:

— Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген макамга татыктуу эмес. Себеп дегенде, 3 жылдык бийлигинин тушунда эч кандай экономикалык жылыш болгон эмес. Коррупция эбегейсиз өнүккөн. Эгер андай макамы бар болсо, анда тезинен ажыраткан оң. Комиссия түзүп, мунун ишмердигине баа берип, толугу менен карап, Кыргызстан ушундай жарды акыбалга такалганына Сооронбайдын үлүшү абдан чоң экенин коомчулукка билдирүү кылуусу керек. Үч жылдын ичинде мамлекеттин эсебинен байыган жактарын “кустуруу” кылса да эл туура көрмөк. Садыр Жапаровдун “экс-президенттерге тийбейли” дегенине кошула албайм, бул менин жеке пикирим, булардын баарын соттой турганын соттоп, жоопко тартыла турганын жоопко тартып, “кустура” турганын “кустуруп”, ал эми тазасын мейли, экс-президент деген макам менен калтыра берсин. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун таза экенине мен ишенбейм, эл ишенбейт, эч ким ишенбейт!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg