“Сөөгүм Кой-Таштагы үйүмөн чыгат” деп Атамбаев көгөрүп жатыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүн, жерин Сооронбай Жээнбеков президент кезинде конфискациялатып, мамлекетке алып койгон. Социал-демократтар ошондон бери катуу иштешүүдө. Үйдүн каттоосу татаалдашып, мыйзамдык жагынан дагы деле талаш жаралып, эки анжы суроолор коюлуп келет. Бул боюнча карама-каршы пикирлер да уланууда. Саясатка айланып бараткандай. Ал эми Алмазбек Атамбаев “сөөгүм Кой-Таштагы үйүмөн чыгат” деп көгөрүп жатыптыр. Төрт жылдан ашык убакыттан бери түрмөдө отурган экс-президент барган сайын чыйралып, ден соолугу начарласа да тырышып, акыры актала турганын, бийликке каршылык көрсөтүүдөн кайтпасын байма-бай билдирүүдө. Күрөшүүнүн натыйжасы жаңырган жылда кандай жаңылыктар менен коштолот? Аны убакыт көрсөтөт…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg