
Сокулуктун соту Адилет Балтабайды абакка камоо тууралуу өкүм чыгарды
10-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 10-ноябрда Чүйдүн Сокулук райондук сотунда активист Адилет Балтабайдын иши боюнча соттук отурум өтүп, ага өкүм чыкты. Активист ооруканада жаткандыктан бул ирет да соттук процесске келе алган жок. Бирок ага карабай соттук процесс өткөрүлдү. Белгилей кетсек, активист 30-октябрда ооруканага жаткырылгандыктан, 31-октябрда жана 3-ноябрда өткөн отурумдарга да келе албай, процесс эки ирет жылдырылган.
Соттук иш судья Кылыч Байсов тарабынан каралды.
Белгилүү болгондой, буга чейин Чүйдүн Сокулук районунун пробация органы активист Адилет Балтабайга буга чейин Бишкектин Биринчи май сот тарабынан белгиленген 3 жылдык пробацияны жокко чыгарып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Алар сотко кайрылуусун Адилет Балтабай пробация эрежесин эки жолу бузган деп жүйө келтирген. Пробация органынын өкүлдөрү билдиргендей, Адилет Балтабай пробация органына каттоого бир ирет кечигип келген жана Сокулук районунун аймагында жашап туруп уруксатсыз Бишкектин аймагына чыккан (Адилет Балтабайдын туугандарынын айтымында, активист Новопавловка айылында жашайт, бирок жашаган жери боюнча каттоосу Бишкекте деп жазылган). Андан башка Адилет Балтабай эреже бузган эмес. Ушул эки жүйөө менен пробация органы Адилет Балтабайды абакка каматуу сунушу менен сотко кайрылган.
Активисттин жактоочусу Эрлан Казаков Адилет Балтабайды кайра каматуу тууралуу пробация органы тарабынан келтирилген жүйөөлөр суу кечпейт деп эсептейт. Анын айтымында, пробация көзөмөлү жаңыдан гана киргизилип келе жаткандыктан, учурда жарандар пробация органына кечигип келген учурлар көп кездешет. Андан тышкары ал белгилегендей, пробация органы Адилет Балтабай Бишкекке уруксатсыз чыгып кеткен деген сөзүн далилдеп бере алган жок.
Булак: Аргумент кж