Сокулукта атасы 13 жаштагы кызын зордуктаган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сокулук районунда 42 жаштагы жаран 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 24-декабрында Сокулук РИИБге 1987-жылы туулган Б.Э., күйөөсү 1980-жылы туулган У.Э.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, 2022-жылдын 23-декабрында саат 07:00дө үйүндө 2009-жылы туулган кызына күч колдонуп, жыныстык катнашка барган.

Бул факты Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сокулук райондук соту шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Аргумент.kg