Саясат

Соке камалмайынча Кыргызстанда адилеттүүлүк болбойт

Мен суроолор менен кеп баштайын. Эки жолу спикер, үч жолу депутат болгон Асылбек Жээнбеков Кыргызстанды пулдап ийип алдыңкы миллиардер болгусу келгенби? Адегенде Кыргызстандын стратегиялык объектилерин тышкы башкарууга берүү долбоорун түздүрүп, андан кийин өз адамдарын парламентке алып келүүнү көздөгөнү ыраспы? Бирок 3-элдик революция болуп кетип, мамлекетти пулдап ийүү максаты ишке ашпай калдыбы?

Былтыркы парламенттик шайлоодо кыргыз элин кызыл акчага сатып алган, коррупция менен мафияны башкарган Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров канча миллиард акча чогултушканын УКМК санап чыгышы керек. Мисалы, депутаттык орундар канчага бааланган? Бул жерде Сооронбай акасы Асылбек үкасынын чөнтөгүн аңтарып, “кана, кимиси канча берди, чыныңды айт?” дебесе керек. УКМК баш болгон текшерүүчүлөр алчусун алып туруп, “буларың ажылыкка барып тазаланып келишиптир, сүттөн ак экен” деп чыгышы мүмкүнбү?

А эгер “мына, жегендерин кусуп беришти” деп жүздөн бир бөлүгүн көрсөтүп коюшса, ким эмне дей алат? Акты кара, караны ак деген кыргыз мафиясы эл аралык деңгээлде кызуу талкууга алынып, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Россияда башын чайкагандар көп болду. Кыргызстанды суукуйду шүмшүктөр башкарып жатышканын түшүнгөн Россия 6,2 млрд., Кытай 7 млрд. инвестициясын токтотуп коюшкан. Абал оорлоп отуруп, жарылуу чегине жеткенде төңкөрүш жасалган. Бирок 3-элдик революциядан кийин бир тал чачы түшпөй кала берген эски бийлик бут тосууларын токтотпой келатышат.

Аттан түшсө да ээрден түшпөгөн Соке тымызын башкарууга өтүп, мафиялык системанын координатору болуп алганбы? Бирок, куулук жагынан алдына эч кимди чыгарбаган Сокенин коррупция менен мафиясын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев токтотуп койду. Убагында К.Ташиевди Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов алдап кетишсе, ошол эле Өмүрбек Бабановду “пацан” сыяктуу алдап коюшкан Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров анын байлыктарын тартып алып, лимондой сыгып алышканбы? Бүгүн болсо Кумтөр мафиясына түздөн-түз тийешеси барлардын баары камалууда. Бирок, коррупция менен мафиянын туу чокусунда отурган Сокенин өзүн камакка алмайынча, Кыргызстанда адилеттүүлүк жана чындык бар экенине эч ким ишенбейт. Эл аралык коомчулук жана эл аралык сот андан бетер ишенбейт. Камалгандар жүздөн бир бөлүгүн кусуп берип кутулуп кетишсе, калгандары Сокенин сотуна жетиши мүмкүн. “Кандай чечим чыгаралы?” деп экс-президентти караганда “балээнин баарын ушул экөө баштады” деп Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду күнөөгө жыгып коюшу мүмкүн. Сокенин соту турганда коррупция менен мафия “гүлдөп”, алар менен күрөшкөндөр өздөрү утулуп калышарын Жапаров менен Ташиев эстеринен чыгарбашы керек.

Сокени камаш үчүн кыргыз коомчулугу 60 миң кол чогултуптур. “Шариман Шарипович” деген Россия президенти В.Путин Кыргызстанды мамлекет катары санабай калган. Бирок үмүтү үзүлбөгөн В.Путин кыргыз президенти С.Жапаров менен бир-эки жолу сүйлөшүп көрдү. Сөзү жакшы, аракети бар экенин, бирок иш жүзүндө Сокенин таасири күчтүү экенин көрдүбү?

Жээнбековдор чачыратып таштаган Кыргызстандын бир бурчун ээлеп алгысы келген Э.Рахмон В.Путинди сыйлаган үчүн токтоп калды. Президент С.Жапаров менен УКМК төрагасы К.Ташиев Кумтөр мафиясын казып, андан ары кыргыздар алтынды өздөрү каза баштаганы тарыхый учур болуп эсептелет. Ал эми Сокенин камакка алынбаганы тарыхый катачылык экенин кыргыз эли, эл аралык коомчулук – баары көрүп турушат. Ал аз келгенсип, кылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясына акыркы чекитти Сокенин соту коюп берип, өздөрүнө пайдалуу чечим чыгарып алышсачы?..

Зарлык Дыйканбаев

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *