Соке ачкан офисине бара албай, атамбаевчилерден коркуп атыптыр…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биз жаңы жылга чейинки гезиттин санына жазгандай, Бишкектин Горький көчөсү менен күн батышты көздөй баратканда Тынчтык проспектисине жетпей Пожарскийге бурулганда, сол жактагы хансарайды белгилегенбиз. Так ушул жерден Сооронбай Жээнбеков офис ачып, элди кабыл алып атканы кабарланган. Жазасын албай калган Алмамбет Салиев да “союлдай” болуп жүргөн эле. Дал ушул маалымат “Азия Ньюска” чыгып, коомчулукка тарагандан кийин атамбавчилер ачууланып, соцтармактан талкуу жаратышкан. Керек болсо Сокеге барышарын, Кой-Таш окуясы, Алмазбек Атамбаевдин камалышы, басым-кысымдар боюнча сурап алышарын жарыялашканы эсибизде. Көп өтпөй Сооронбай Жээнбеков офисин жыйыштырып, элди кабыл алууну токтотуп, мамлекеттик резиденцияда тымпыйып отуруп калыптыр. Таңгалычтуу эй! Качанкыга чейин Атамбаевден жана анын тарапташтарынан коркуп, корунуп жашайт? Эл аралай албай, “үй түрмөгө” камалган да өзүнчө шорбу? Жазга карай “соцдемчилер” менен койташтыктар Сокеге акаарат келтирүүгө, каршылык көрсөтүүгө бекер жерден даярданып жатышпаса керек. Акыры бир жаңсыл кадамга, тергөө машакатына мезгил жакындатып бараткандай…

 «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg