Сойку болуп жүрүп турмушка чыгып төрт бала төрөдүм

Жаш кезимде кычыраган суйкайган кыз элем. Мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайга тапшырганы Бишкекке келгем. Ата-энем окубайсың деп болбой коюшту. Мен да башкаларга окшоп окушум керек деп болбой шаарга келип алдым. Кафелерде официантка болуп иштеп кичине кийим кечеге, акча топтоп алайын деп иштеп жүрдүм. Кафеге кычырап кийинген акчалары бар кыздар келишчү. Мен суктануу менен карап калчумун.

Бир күнү кожоюнум кафеге көз салып тур деп тапшырып кеткен “сен карап турчу биз бир жумуштар менен эртең келебиз, кечинде өзүң жаап кете бер”, деди. Кеткенден кийин тиги кыздар дагы келишти алар жүр биз менен отур десе бат эле макул болуп отуруп калдым. Көрсө алар түнкү көпөлөктөр экен. Эмне кыласың бул жакта жүр жыргап биз менен иште деп сунуш киргизишти. Көп ойлонуп макул болдум ошентип мен алардын арасына кошулуп иштей баштадым.

Акча көп ошентип төрт жыл иштеп койдум. Бул жолдон мына чыгам, ана чыгам деп чыга албай жүрө бердим. Ошондой күндөрдүн биринде айылга барып эс алып келүүнү туура көрдүм. Барганда эле коңшу айылга ала качып кетти. Жолдошум мурун үйлөнүп кетирген бала экен. Макул болуп отуруп калдым. Азыр Кудайга шүгүр эки кыз эки уулум бар. Эми жолдошум Бишкектен там салып жатат. Ошол жакка барып жашайлы деп. Коркконум барып жашаса жашайлы кыздарым бой жетип деле калышты. Мурунку менин кардарларым жолдошума тааныш болуп калса кантем? Ошол жерден мени мурун мындай болчу деп ит кылбаса эле болду дейм да.

Ии ушу борборго там салам дегенден баштап уйку жок. Азыркы жаш кыздарга айтар элем, эч качан оңой жумуш менен акча таап, өзүңөрдүн тагдырыңарга балта чаппагыла. Суранам, кыздар муну эч ким билбейт дегени менен өзүңдү өзүң ичиңен мите курттай жеп бүтөтөт экенсиң.

Add your comment

Your email address will not be published.