
Сочиде 30 жаштагы аялды көрүстөндө зордуктап өлтүргөн кыргызстандык 19 жылга соттолду
27-теке, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваСочиде 30 жаштагы аялды көрүстөндө зордуктап өлтүргөн кыргызстандык 19 жылга соттолду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Краснодар аймагы боюнча тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 20-август күнү кечинде муниципалдык көрүстөндүн аймагында мас абалында 28 жаштагы Ж.ны көрүстөндүн жумушчусу деп ойлогон аял келген. Ал чоң энесинин мүрзөсүн табууга жардам сурап кайрылган.
Ж., аны көрүстөндүн арасына, алысыраак алып барып, ошол жерден кол салып (бутуна 11ден кем эмес сокку урган), зордуктап, сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди да жасаган. Андан соң аялды муунтуп өлтүрүп, анын буюмдарын, анын ичинде банк картасын алып кеткен. Кийинчерээк азык-түлүк дүкөндөрүндө ал карта менен соода кылып жүргөн.
Сот отурумунда мигрант өкүнүп, өлтүрүлгөн аялдын апасынан кечирим сураган.
Булак: Аргумент кж