Сиз билбеген кофе тууралуу кызыктуу маалыматтар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

КОФЕНИН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ , КОФЕ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР. Кофенин 80ге жакын сорту бар. Алардын арасында бою кичине бадалдар, бийиктиги 10 метрге чейин дарактар да бар. Кеңири тараган 4 сорту: арабика, робуста, либерика, эксцельса.

Кофе: даамдуу да,  пайдалуу да, зыяндуу да суусундук.

Кофени баарыбыз сүйөбүз, баарыбыз болбосо да дээрлик баарыбыз. Кофе бүгүнкү күндө жер шары боюнча суудан кийинки эле популярдуу суусундук. Ал биздин жашообуздун бардык тарабын бири-бири менен байланыштырып турат. Эртең менен турганда кофе ичебиз, жагымдуу жолугушууларыбыз, ишкер жолугушууларыбыз кофе менен коштолот… Дал ушул үчүн кофени баары сүйүшөт.

САТЫЛЫШЫ БОЮНЧА ДҮЙНӨДӨ 2-ОРУНДА ТУРАТ

Учурда кофе сатыкта дүйнө жүзү боюнча нефтиден кийинки экинчи орунда турат. Дүйнөлүк рынокто жылына 2 миллиард доллардан ашуун суммага кофе сатылат.

ОПУЛЯРДУУ 5 КОФЕ ТҮРҮ:

ЭСПРЕССО. Эң күчтүү кофе болуп саналат.

МАКИАТО. Эспрессо менен сүт көбүгүнүн өлчөмү 1:1 болот.

АМЕРИКАНО. Даяр эспрессого суу кошулат. Муну менен кофедеги ачуу даам жумшарат.

КАПУЧИНО. Эспрессо+ысык сүт+сүт көбүгү бирдей өлчөмдө кошулат.

ЛАТТЕ. 1/4 бөлүгү эспрессо, калгандары ысык сүт,  сүт көбүгүнөн турат.

 

КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

Кофенин – курамындагы кофеин адамдын борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, натыйжада кан айлануу, зат алмашуу жакшырат. Ал эми тригонеллин заты кофенин өзгөчө жытка жана даамга ээ болушуна таасир берет. Курамында белок, углевод, темир, калий, натрий, фосфор, хлороген кычкылы, минералдык туздар жана башка витаминдер да бар.

ПАЙДАСЫ (күнүнө 2-3 кичине кружка ичкенде, андан ашык эмес!) Борбордук нерв системинин иштешин жакшыртат. Курамындагы серотонин – «бакыт гормону» адамды стресстен, депрессиядан арылтууга көмөкчү болот. Кан басымдын төмөндөп кеткенинин негизги белгилери: алсыроо, баш айлануу, уйкусуроо. Кофе кан басымды көтөрөт, жалпы организмди бекемдейт, баш оорудан арылтат, атүгүл маанайды көтөрөт. Мигрень — бул баш мээнин кан тамырларынын ичкерип кетишинен пайда болгон баш оорусу. Кофе ал кан тамырларды кеңейтип, баш ооруну басат. Таза аба кофенин бул максаттагы натыйжалуулугун күчөтөт. Нерв системасынын кыйналган абалы жумушка болгон жөндөмдүүлүктүн азайышы, өнөкөт чарчоо, атүгүл депрессия менен коштолот. Мындай учурда кофе жалпы организмди бекемдейт жана сергитет. Катуу суукта калган адам үчүн кофе эң пайдалуу. Ал ысыган канды бардык организмге айдайт. Кофе өпкөнүн ишин жакшыртат, дем алуу жолдорун жумшартып, астманы алдын алууга жардам берет.

 

Кофенин зыяндуу жактары

Коюу кофе жүрөктүн согушун тездетип, энтигүүнү жаратат. Инфаркттан кийин кофени пайдаланууга таптакыр болбойт. Кофе уйкусуздукту чакырат. Андыктан, күндүн экинчи жарымында кофе ичүү сунушталбайт. Жаш балдарга эч качан кофе берүүгө болбойт. Бул суусундук алардын организмине жана нерв системасына зыян гана келтирет. Кофенин курамындагы заттар гастриттин жана ашказан жарасынын өнүгүшүн шарттайт. Эгер кофеден баш тартуу сиз үчүн кыйынчылыкты жаратса суюк кылып демдеңиз же сүт, сливка менен ичкенге аракет кылыңыз. Бөйрөктө таштардын пайда болушуна жол бербөө үчүн кофе, кара чай, какао сыяктуу азыктардан алысыраак болгон жакшы. Кош бойлуу кездеги кан басымдын көтөрүлүшү түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Кан басым түшүп кеткен учурда сүт кошулган кофе ичүү сунушталат. Ал эми эмчек эмизүү учурунда кофеин сүт аркылуу баланын канына барып, балада уйкусуздукту жаратышы мүмкүн. Кофе организмдеги В1 витаминин запасын бузат. Тишти саргартат. Кофе көз карандылыкты жаратат. Ага көнүп калган адамдын организминде кофеин жетишсиз болгон учурда катуу депрессия башталат.

Ден соолукка залал келтирбөө үчүн кофени кантип ичүү керек? Кофенин ден соолукка зыян келтирбөөчү дозасы — күнүнө 1-2 стакан. Эгер ушунча өлчөмдөгү кофе адамдын чарчоосун жазып, физикалык жактан активдештирсе, андан көп кофе тескерисинче, кыжырдантып, нервдентет. Кофенин дары катары таасир этүүсүн кааласаңыз, аны сууга эмес, ит мурундун маңызына демдеп ичиңиз.

КИМДЕРГЕ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ?

Жүрөктүн ишемиялык ооруларында, атеросклероз, бөйрөк ооруларында, глаукома, кан басымы жогоруларга, гастрит, ашказан жарасы барларга.

Тарыхынан КОЙЧУ ЖАШАГАН ЖЕРДИН АТАЛЫШЫН АЛГАН

Кофенин жаралуу тарыхына кайрылсак IV-VI кылымдарга барып такалабыз. Кайсы убакта, ким тарабынан ачылганы так белгисиз бул сыйкырдуу суусундуктун айланасында көптөгөн уламыштар айтылып келет. Эң көп айтылган уламышта эфиопиялык койчу Калдим тоону бойлой кой жайып жүрүп кызык көрүнүшкө туш болот. Тоо боорунда өскөн бир дарактын жалбырагын жегенден кийин кой, эчкилер ары-бери чуркап, тынчы жок болуп калганын байкайт. Калдим ал дарактын жалбырагын табыпка алпарып, болгон окуяны баяндайт. Табып жалбырактан дары жасап, башы ооруп жаткан адамга берсе, анын баш оорусу басылат экен. Ошондон баштап ал дарактын мөмөсүн, жалбырагын дары катары колдоно башташкан. Тарых барактарында кофенин мекени болуп – Эфиопиянын аты жазылган.  «Кофе» Эфиопиянын Каффа («qahwah») аймагынын атынан аталып калган делет.

Булак: Аргумент кж  

Аргумент.kg