Экономика

Шыкмаматов Австриянын элчиси Кемпел менен жолугушту

2021 -жылдын 10 -августунда Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри А.Н.Шыкмаматов менен Австрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Кемпел мырзанын жолугушуу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана коргоо маселелери талкууланды. Министр инвестициялык саясаттын негизги багыттарын жарыялады. Анда  “жашыл экономика” жана кичи ГЭСтердин курулушу жана туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Өз кезегинде, элчи мырза кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана билим берүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 2022 -жылдын февралында Австриянын экономикалык делегациясы Кыргыз Республикасына келип, туризмди жана кышкы спортту өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкууланды.

Өз кезегинде Шыкмаматов делегация менен жолугушууну уюштурууга керектүү жардам көрсөтүүгө даярдыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар тыгыз жана жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *