
Шоумен Максат Надырбеков туулган күнүндө ата болорун билди
29-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваШоумен, тамада Максат Надырбековдун жубайы Алина жолдошуна белек кылып, анын туулган күнүнө кош бойлуу экенин айткан видео менен бөлүштү.
» Бүгүн менин туулган күнүм, 34 жашка чыктым. Мага жубайым белек камдап коюптур. Биздин кубанычыбызда чек жок. Наристебиз аман-эсен жарык дүйнөгө келип алсын. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө наристенин үнү жаңырып турсун. Мен сезидерди сөз менен жеткире албай турам», — деп жазды ал.
Максат Надырбаев менен жубайы Алина былтыр баш кошушкан.
Булак: Аргумент кж