Ээ достор, анын эмнесин айтасыңар, адамдардын пейили бузулуптур деген чын окшойт.
Биринчиден турмушка узаткан эрке кызымды сагынып жүрөгүм ооруйт. Экинчиден тойдо
туугандарымдын кылган мамилесин эстеп ачуум келет. Уруксат берсеңер, силерге баянымды
айтып бир бугумду чыгарып алайын.
Кызымды эл катары ресторандан узатам деп көп жылдан бери тапкан-ташыганымды чогултуп
жүргөм. Балээ коронавирус пландардын баарын бузду.
Түн. Сарсанаа болуп уктай албай сыртта ары-бери бесып жүргөм. Кызымдын жаныма келгенин
байкабай калыпмын.
– Ата, кейибеңиз, мына көрөсүз, үйдөн деле сонун өтөт.
– Укмуштуудай той берсем, башыңды көтөрүп кетет белең дегем да.
– Ата, сиз бар үчүн тойсуз деле күн сайын башымды көтөрүп жүрөм.
Эрке кызымдын чоңоюп калганын ошондо билдим. Экөөбүз таң атканга чейин кобурашып
отурдук. Жайыма койсо, кетирбей алып калат элем. Аттиң, анте албайм. Кызымдан эч нерсе аяган жокмун. Жылкы сойдум.

Дүркүрөтүп дасторкон жайдым.
Туугандарга бир-эки күн эрте келип жардамдашып койгула дегем. Эч кимиси жок. Аялым
экөөбүз жалгыз чуркап жүрдүк. Дагы жакшы кошуналарыбыз кол кабыш кыла коюшту.
Той күнү кудалардан беш-бетер кирип келишти. “Ай, кечээ келип жардамдашып койбойт
белеңер” десем, “бошобой калдык, бизде иш деген бар” деп оозумду жабышты. Макул деп
көңүлүмө алган жокмун. Жардамдашып койгонго жарабай, короо-жайыбыздан баштап идиш-
аягыбызга чейин сынап шорпо ичип отурушту.
66 Кудалар келгенде дагы жарытып тосуп алышкан жок. Дагы
эле топтолуп чет тарапта шыбырашып турушту. Э. Кошуналарыма абдан ыраазымын, чачыла чачып, “келгиле” деп жайгарып кетишти. Кечке ошолор чуркап тейлешти.

Той сонун болду. Кудалар ыраазы болуп кетишти. Жөн кетпей кызымды ала кетишти. Биринчи жолу кыз узатышыбыз, аялым экөөбүз көз жашыбызды кармай албай, болушунча ыйладык.

Жардам бербей койгону аз келгенсип, “бизге жилик тартпадың, сыйлабадың” деп кыялдарын
көрсөтүп, коноктордун артынан эле кетип калышты. Кимдин-ким экенин ошондо билдим.
Убакыт баарын көргөзөт деген боюнча кала бердим.
Кечээ кой союп кошуналарымды сыйладым. Ыраазычылыгымды айтып, кичине белек алдым
эле ошолорду бердим. Аны билген туугандар “бизди эмнеге чакырган жоксуң” деп ватсапка
жазышыптыр. Жооп берген да жокмун.