Шопур Икрам Илмиянов азыр кайда?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Бир кезде Атамбаевдин он колуна айланып мамлекеттин маанилүү маселелерин чечип жүргөн шопур атка конгон Икрам Илмиянов азыр кайда?  Анын артынан чогу бизнес кылып жүргөндөр азыркы бийлик менен жакын мамиледе болуп колтугуна кирип кеткендери да жок эмес. Так ошол анын бизнес достору аны калкалап жатат деген имиштер дагы жок эмес. Бир кездеги чалган чалмакейлери үчүн  шопурдун жооп бере турган иштери өтө эле көп. Бирок негедир ал иштери дымып тургандай. Сооронбай Жээнбековдун кезинде ири пара алды деп айыпталып камакка алынган эле. Бирок саясий соодалашуунун негизинде үй камаганы чыкканы маалым болгон. Ал ошол кезде Атамбаевге каршы көрсөтмө берип анан эркиндикке чыккандыгы тууралуу тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Кыскасы кылмыштарды кылып коюуп, саясий соодалашуунун  негизинде суудан кургак чыккандар бизде эле болсо керек. Кандай болгон күндө да кылган кылмыш үчүн ким болбосун жоопкерчиликке тартылыш керек.  

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg