
Шоколад кант диабетинин коркунучтуу оорусун чакырат
14-теке, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваМаанай бузулганда шоколадка табит тартып, айрымдар ансыз жашоосу токтоп калгандай сезишет. Бирок баардык эле учурда бузудган маанайды шоколад ордуна коё бербейт. Бул тууралуу диотолог Сара Брюэр баракчасына жазып чыкты.
Анын маалыматында шоколад адам өзүн жакшы сезе турган абалга алып келүүчү бир нече курамдар кошулат. Алардын арасында адамга бактылуу сезим тартуулай турган фенилэтиламин бар. “андан сырткары шоколадка триптофан аттуу химиялык кошулма аралаштырышат. Ал адамга ырахат тартуулап, дем бере турчу касиетке ээ”-дейт диетолог.
Анын пикиринде, химиялык ушундай кошулмалар адамдын шоколадка болгон табитин ачып, ого бетер стресс чакырат. Мындай абалда адам шоколад менен өзүн убактылуу алдабай мээ менен булчуңдарга эс алууга шарт түзүшү зарыл. Тактап айтканда адам өзүн өзү тынчсыздандыруусу керек. Мээ чыңалып турганда шоколад жегенде канга ашыкча кант жана майлар келип, адам өзүн дайыма ачка сезе баштайт. Мындай көрүнүшкө кабылган адам “Инсулин термелүүсүнө ” туш болот. Мында адамда канттын көлөмү тез көтөрүлүп жана тез түшө баштайт да бат- бат ачка болуу, алсыроого тушугат. Оорудан алыс болууну каалагандарга диетолог какаонун курамы 70 пайыздан аз болгон кара шоколадды колдонуусун сунуштайт.
Булак: Аргумент.кж