Ширин менен депутаттардын эрөөлү
02-тогуздун айы, 2019-ж // //“Парламенттеги ун мафиясына” тийешеси бар делген эл өкүлдөрү экс-депутат Ширин Айтматованын дооматтарын четке кагып, аны дебатка чакырышты. Алардын айтымында, Кыргызстанга ташылып келген буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам өлкөдөгү ун өндүрүү тармагын сактап калуу үчүн кабыл алынган. Өз кезегинде Ширин Айтматова элдин эсебинен байыгандар тууралуу кезектеги видеоматериал даярдалып жаткандыгын айтты. Анда кайсы олигархтардын аттары айтылаар экен?..
Булак: «Азия нюс»