Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн А.Г.М. Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алматынын тургуну кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Андан соң эл аралык «Манас» аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.

Булак: Аргумент кж