Шавкат Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болууну көздөп жатабы?

Шавкат Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болууну көздөп жатабы?

10-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот.Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен жолукканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн билдирген.

Маалыматка ылайык,Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана саясий партиялары 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрө баштады.

Өлкөдө беш партия катталган.Өзбекстанда президенттикке жана депуттыкка талапкерлерди саясий партияла гана көрсөтө алат.

30-апрелде өткөн референдумга ылайык, бул өлкөдө президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев 2021-жылы президенттик шайлоодо  80,1% добушка ээ болуп, экинчи мөөнөткө  шайланган.

Булак:Аргумент кж