Шаурмага ууланып ооруканага жаткырылгандардын саны 23кө жетти

Шаурмага ууланып ооруканага жаткырылгандардын саны 23кө жетти

02-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 43 адам шаурмага ууланып кайрылды. Бул тууралуу сайтка  Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды, алардын экөө жаш бала. 20 бейтап үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Министрликтин билдирүүсүндө, бейтаптардын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Белгилей кетсек, уулангандар «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан шаурма сатып алышкан.

Булак: Аргумент кж