Шаршеналы Курүчбеков мектебиндеги китепкана билимге жаркын жол болсун!

Шаршеналы Курүчбеков мектебиндеги китепкана билимге жаркын жол болсун!

16-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 14-ноябрда Балыкчы шаарынын №9 Шаршеналы Күрүчбеков мектебинде салына турган заманбап китепкананын капсуласы коюлду. Иш чараны «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков ачып берди. Китепканага балыкчы шаардык мэриясы тарабынан жер бөлүнүп берилип, “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси Аскарбек Куручбеков каржылай колдоо көрсөтүүдө.

Иш чарага Балыкчы шаарын мэри Азамат Анарбек уулу, Балыкчы шаардык Кеңештин төрагасы Жакшылык Абдразаков, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков катышып, “Ш. Курүчбеков мектебиндеги китепкана билимге жаркын жол болсун!”, деген тилегин жазып капсуласын койду.

Мектеп администрациясы Күрүчбеков атындагы мектептин өнүгүшүнө жана келечек муундарынын билиминин, маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жатышкандыктары үчүн Нуржигит Кадырбековго жана Аскарбек Куручбековго Ыраазычылык дипломдорун тапшырышты.

Булак: Аргумент кж