Шакинин арак заводун мамлекет тартып алдыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аю компаниясынын спирт заводу мамлекеттин карамагына өтүшү коомчулукта өтө чоң талкууну пайда кылууда. Бир далайы бул туура эмес кадам деп ишкерлердин жолун тосо  турган маселеге айланат деп чочулоодо. Бирок бул туура кадам болду дегендер да жок эмес. Ошолордун бири ЖКнын депутаты Балбак Түлөбаев. Ал ММКалардын бирине берген маегинде киреше бере турган тармактардын баары, анын ичинде спирт өндүрүшү дагы мамлекеттин колунда болууга тийштеген пикирди билдирди. Ошондо баардыгы толук көзөмөлдө болуп, салык да толук төлөнөт. Ошондой эле ал депутат мамлекет басып алды, конфискацияланды деген пикир да туура эмес деп билдирди. Себеби эч кандай соттун чечими болгон эмес. Балким өндүрүштүн ээси өзү эле мамлекетке өткөрүп бергендир.

Кандай болгон күндө да жеке менчик иш каналар көбөйүп, өнүгүп өсмөйүн мамлекеттин экономикасы алдыга жылбайт деген эксперттер да толтура.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg