Шакиев: Унаалар камсыздандырылбаса айдоочуларга айып пул салынбай турган болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

1-апрелден тарта унаалар камсыздандырылбаса айдоочуларга айып пул салынат деген эреженин мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди.

«Кечээ унааларды милдетүү камсыздандыруу тууралуу бир топ сөз болгон. Бир катар депутаттар аны убактысын жылдырып турууну сунушташкан. Ушуга байланыштуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен сүйлүшүүлөр жүрдү. Мен эл өкүлдөрдүн сунуштарын айтып, аны менен кеңешип, жыйынтыгында унаалары камсыздандыруудан өтпөсө айып пул салынат деген эреженин мөөнөтүн жылдыра турган болдук». — деди Шакиев.

Ал ошондой эле,  президент Садыр Жапаровдун дагы ушундай маанидеги тапшырмасы бар экенин кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, парламенттин кечээки, 26-январдагы жыйынында бир катар депутаттар аталган маселеге каршы пикирлерин билдиришкен

Аргумент.kg