Шакиев: 90 депутаттын баары сабаттуу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

КечээЮ 3-майда депутат Адахан Мадумаров акыйкатчыны кызматынан бошотууга каршы чыкты. Анын пикиринде, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын чечими негизсиз жана мыйзам бузулуп жатат.

«Парламенттин бир фракциясы бошотсун деп чечим чыгарса, баарыбыз макул болгонубуз туура эмес. Статистика комитети болуп», — деди Мадумаров.

Буга төрага Нурланбек Шакиев депуттардын баары сабаттуу деп эсептээрин билдирди.

«Элдин добушун алып, тандалып, иргелип, сабаттуу, тажрыйбалуу экенин эске алынып шайланган депуттар отурат бул жерде. Жогорку Кеңеш сабаттуулугун көргөзүп эле келе жатат», — деди Шакиев.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди

Аргумент.kg