Шоубизнес

Шайыр Касымалиева: “Бут тосуп, жалганды чындай курап, мени чыйралтканыңарга ыраазымын”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева жашоосундагы артта кыйын күндөрүнө жана  адамдардын ар түрдүү жазаган мамилелерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өздүк баракчасына жазды. “Көр оокат менен алышып жүрүп, жазды тосуп, ары чуркап, бери чуркап жайды өткөрүп, минтип эми күз, кучагына алды. Баарына шүгүр, баарына тобо. Өмүр шашып алга, сааттын жебеси чыкылдаган сайын, убакыт токтобой, жаштыгың аккан сууга окшоп, колго кармалбай агат. Жаштыктын аркасынан чуркабайм, карылыкты чакырбайм. Жараткан берген ар бир күнгө ырахаттанып жашап келем. Бүгүн өзгөчө балкып турам. Баарына рахмат айткым келди. Оболу, жакындарыма апам – иним, анын үй-бүлөсүнө, кызыма, туугандарга, менин кыялымдын ар кандай кырдаалына чыдап, тирөөч жөлөк, аска-зоо болуп, кайгы- кубаныч, жакшы-жаманды тең бөлүшкөндөрүнө! Ыраазымын! Дос эже-сиңдилерге рахмат. Кайгымды тең бөлүшүп, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, үшүп турган жан дүйнөнөмө жылуулук бергенине ыраазымын! Көрө албаган ушакчыларга рахмат. Бүт тосуп, жалганды чындай курап, мени чыйралтканыңарга. Силер болбосоңор, турмуштун ачуу-таттуусун сезбейт элем. Ыраазымын! Мени тебелеген, кордогон эркектерге рахмат. Силер болбосоңор, адам кээде жырткыч макулук экенин, жана өзүмдүн асыл жан экенимди билбей калат элем. Ыраазымын! Ар бир кесиптештериме рахмат. Силерден көптөгөн жакшы нерселерди алып, тарбияланып, өнөр сандыгыма руханий байлык топтодум. Ыраазымын! Интернет замандаш, санаалаштарым, сиздерге рахмат. Ар дайым жакшы сөз коментарий калтырып, аяр мамилеге зар болуп турганда, колдоо көргөзүп, гүл сымал кургап калганда, суу куюп сугаргандай, жакшы тилегиңер менен сезимдерди толтурдуңар. Ыраазымын! Өзгөчө ыраазычылык Назира Айтбекова жаркылдак кызыма. Сен мен үчүн кандай чоң иш кылганыңды билбейсиң. Ыраазымын Негизи баарына ыраазымын! Баарына шүгүр! Баарыңарды жакшы көрөм! Баарыңарга Рахмат!!! Сүйөм сени элим!” –деп жазды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *