Шайлообек Дүйшеев:Бизде азыркы мыйзам буту менен эмес ,башы менен басып калган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көөдаев ,Жусубалиев дегендер Коодаев же Джусубалиев болуп жүрүшөт.Тил коммиссиясынан миң коммисия түзсөк да эчтеке чыкпайт.Мындай пикирин жазуучу Шайлообек Дүйшеев билдирди.

«Бизге жакында Кеминден Темир Жусубалиев деген жигит келди. Кезинде Политехникалык институтту бүткөн, жогорку билимдүү, техникалык адис экен. Биздин кыргыз тилинин мамлекеттик даражага ээ болгонунан бери 30 жыл өтпөдүбү. Ошол жигит отуз жылдан бери атасынын фамилиясын Джусубалиевден Жусубалиев кылалбай убара болуп келатыптыр. Ал учурунда ЗАГСка да барат, паспорт берүүчү мекемеге да барат. Каттоого да барат. Бирок эч кандай жыйынытык чыкпайт. Джусубалиевден дегенди Жусубалиев кылып оңдоп бергилечи деп, паспорт берчү мекемеге барса, ал жердеги кызматкер аял айтат: «Бизге Жогору жактан көрсөтмө болмоюн жасай албайбыз» деп. Эми суроо туулат, анда жанагы кылмышкерлер, же башка өлкөлөрдүн жарандары кыргыз паспортун Жогору жактын көрсөтмөсү менен сатып алып, пайдаланып жүрөбү? Анан дагы, ал Темир Жусубалиев айтып жатпайбы, мага ошол паспорт үстөлдөгү ал «Тил комиссиясынын мүчөсүмүн» деп айтты дейт.

Эмне үчүн үйдө тили кыргызча чыгып кыргызча алданемедей сүйлөп калган бакча жашындагы балдар бала бакчага бара баштагандан кийин теңирден тескери кетип, орусча-кыргызча, чала, тантык тил менен сүйлөп калып жатат?

Бизде мыйзам дегендердин баары, азыр буту менен эмес, башы менен басып калган. Карасаев атабыз жазып кеткен орфографияны уруп ойнобогондор толуп алды. Ката деген кадимкидей норма болду да, 7-кабатка, болгондо да Ак Үйдүн 7-кабатына  жетип, эми андан ашып-ташып жерге төгүлүп, эл-журтту каптай баштады…

Мына биздин кыргыздардын өзүнүн эне тилине, аты-жөнүнө жасаган мамилеси.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg