— Шайлообек мырза, жаңы жылдык эс алуу учурунда округга барып келбедиңизби. Шайлоочулар кандай көйгөйлөрүн айтышты?
— Эл балдар бакчаларынын жетишсиздиги жөнүндө көбүрөөк айтып жатышат. Ошондой эле мектептер, транспорт каттамдарын көбөйтүү боюнча да өтүнүчтөр көп болду. Айрыкча Ак-Бата, Ак-Тилек, Келечек сыяктуу жаңы конуштарда транспорт каттамдары жетишсиз экендигин белгилешти. Андан сырткары, 2023-жылга жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча да көп кайрылуулар түштү.
— Кечээ жакында эле депутаттардын декларациялары жарыяларды. Алардын арасында эң жупунусу эле сиз окшойсуз? Шаарда тамыңыз, машинаңыз да жок экен…
— Мен бизнесмен эмесмин, буга чейин спорт чөйрөсүндө жүрдүм. Жалаң айлык менен гана иштеп келатам. Учурунда көп убактыбызды, негизги өмүрүбүздү спорт залга кетирдик. Машыктыруучулардын айлыгын өзүңүздөр билесиздер, 20-30 миңдин тегеригинде. Завод-фабрикаларыбыз жок. Кудай буюрса, келечекте болуп калаар…
«Азия Ньюс» гезити