Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде «Жол фондун түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов: «Ушул фондду ачпай туруп иш жүргүзгөнгө күчү жетпей жатабы?»- деген суроо узатты.

Ал эми Министрлер кабинетинин өкүлү акча каражаты жетишпей жатканын айтты.

«Финансы министрлигинде коррупция болуп жатса, акча каражаты жетишпейт да. Эмне үчүн кыргыз элин, Кыргыз мамлекетин күрөөгө коюп карызды алып жатышат? Эмне үчүн кээ бир «сулуу чымчык» депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү уурдаса эмнеге карызды эл төлөшү керек?», – деди Атазов.