Шадиевдин мандаты боюнча маселе көтөрүлө элек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үч кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткенине жарым жылга чукулдап калса да Аскарбек Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси карала элек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул боюнча эч кандай кайрылуу түшө элек экенин айтты. Ага издөө жарыяланганына же кылмыш ишине байланыштуу күч органдарынан же соттон эч кандай маалымат берилген эмес.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кабылдамасы билдиргендей, бул иш Шадиев мүчө болгон фракциядан арыз түшкөндө каралат.
Аскарбек Шадиев мүчө болгон «Бир Бол» фракциясынан маселе качан көтөрүлөрүн азырынча тактай алган жокпуз.
Эреже боюнча депутат бир сессияда 30 жумуш күнүнөн ашык себепсиз ишке чыкпаса, аны мандатынан ажыратуу демилгеси көтөрүлүшү керек.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган.
Булак: Азаттык 

Аргумент.kg