Саясат

Өмүрбек Текебаев: Европадан Байсалов бузулуп келиптир

Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» эфириндеги Эксперттер талдайт” берүүсүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов менен талаша кеткен. Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын айтты.

“Демократия — чыр же хайп эмес. Демократиянын максаты жана милдети — элдин жашоо деңгээлин оңдоо. Мындан ары өкмөт мурдагыдай техникалык болбойт. Биз мурдагыдай парламенттин каалоосу менен кетип калбайбыз. Бизге азыр 90 депутаттын пикиринин кереги жок. Ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштеше беребиз”,-деген.

Эфирден кийин Өмүрбек Текебаев Искен Афиджановдун түз эфиринен Эдиль Байсаловго нааразычылыгын билдирди. Аны «шаар көргөн эчки» болуп келиптир деп атады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *