Съездбек Искеналиев: Фонограммасыз ырдоо керек деген талап ишке ашаарына ишенбейм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Съездбек мырза, жаңы жылдан бери эле ырчылар фонограммасы жок ырдашсын деген маселе көтөрүлө баштады. Фонограммасы жок ырдаганга даярсызбы? — Мен өзүмө жооп берсем, фонограммасы жок ырдаганга даярмын. Бирок мында эске алчу бир маселе бар. Борбордогу мамлекеттик имараттар гана фонограммасы жок ырдаганга жарабаса, башка жактагы имараттар талапка жооп бербей калышы мүмкүн. Анткени, башка жердеги имараттарда акустика, аппараттын тазалыгы, микрофондор жакшы эмес. Бирок ырчылар фонограммасы жок ырдашы керек деген маселенин көтөрүлүп, коомчулукта талкууланып жатышы ырчылар үчүн да жакшы. Эмнегедир ушул нерсе ишке ашаарына күмөнүм бар. — Ырчылар тойдон тапкан каражатынан салык төлөсүн деген маселе боюнча кандай пикирдесиз? — Ырчылар да салык төлөшү зарыл. Биз төлөгөн салыктын мамлекетке пайдасы тийиши керек. Анча кымбат кылбай ар бир ырчынын алган гонорарына жараша салык киргизсе, ырчылар деле төлөшмөк. Биз буга чейин деле салык төлөчүбүз. Болгону, ырчылардын жумушу болбой калган учурда салыкты жаап коюп, сезон башталганда ачып койсо, ырчылар үчүн да салык төлөөгө ыңгайлуу болот деп ойлойм. Саясат.кж

Аргумент.kg