СЕН АДАМДЫН АСЫЛЫ БОЛБОСОҢ, МЫНЧАЛЫК АЗАПТЫ ТАРТПАЙТ ЭЛЕМ…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Тышта бир кыз келди. Жолугуп койчу?” деп редактор айтканынан сыртка чыктым. Жупуну кийинген кара тору кыз туруптур. Жүзү муңайым. “Эже, жаныма тынчтык бербей жүргөн жүрөктөгү муңумду кагаз бетине түшүрдүм. Жалгыздыгымды, кайгымды кимдир бирөө менен бөлүшкүм келди. Болбосо жинди болуп кетчүдөймүн. Бирок аты жөнүмдү жарыялоонун кажети жок…” деп күйүтү жазылган бир баракты таштап кетти. Кагазын кайдыгер карап алганым менен жазганын окуп алып, аны менен сүйлөшкүм келди. Бейтааныш кыздын карааны алыстап кетти…
“Мезгилдер учуп жатат. Кыш жазга жакындады. Жаз кайра күзгө айланды. А мен болсо ойлонуп отура берем. “Тагдырым ушул экен го?” деп тагдырыма таарынам…
Арадан айлар, алмашып жылдар өтөт. Мунун баары мен үчүн бир кылым сыяктанат. А бирок менин сүйүүдөн алсыраган жаным, күтүүдөн кыйналган демим, сагынычтан саргарып куурап бүткөн жүзүм менен “ардагым азыр келет” деп алданып отура берем. Окуганым том-том болгон ойчулдардын китептери, алардын сүйүүлөрү, тагдырлары, кайгылары…
Алты жыл алты ай мурун катуу сүйчүсүң. “Алтыным, жалгызым” деп жанымда жүрчү эмес белең?
Азыр менин кандай экенимди элестетсең: Алтының алсырады. Жаздай эле күзгө окшошту. Гүлдөй эле куурап калды. Күндөй эле түнгө айланды. Шылдыраган булак эле соолуду. Эриген сезимдерим сенейип тоңуп калды…
Жанчылып жалгыз жүрөм. Сезим дартына, ыйына ызаланып, муңуна муунуп калды. Мурдагы күндөрдү эстеп, бактылуу күндөрдү кыялданам. Кайра эле эстейм. Көргөндөрдүн баарына көңүл кошмун. Мусапыр муңдуунун кейпин кийип, баягы кундуздай кара чачты ак басып бара жатат. Ар бир саат алаамат күндү, ардагын жоготкон күндү эстетет…
Биз жолуккан, биз таанышкан ошол кечте, аттиң ай жолукпай койгондо, издешип өтсөк эмне? Кездешпей койсок, мынчалык чоң кайгыга кабылмак эмесмин. Мынчалык кайгы даамын мен анда татпайт элем…
“Бул жашоого бир жаралып асылдар,
Асылдарга жуп боло албай калган бар” деп бир акын ырында айткандай, сен адамдын асылы болбосоң мынчалык азап тартпас элем. Жолуккан ошол кечти айла жок жектеп келем.
Терилген жоогазының жолдо калды. Сен өзүң айткан сымал жел болуп учуп кеттиң. Ааламга сиңип. Жалгызың жалгызсырады. Алаамат ошол күнү кан жолдо каза болдуң…
Армандуу ошол күнү мен сени күткөн элем. “Эмнеге кечикти?” деп жүрөгүм бир нерсени сезген эле. Сарсанаа болгон элем, саргайып күткөнүмдө. Ошол күнү саргарган жалбыракка кошуп кеттиң. Шолоктоп ыйлай бердим. Мени коштоп асман дагы түнөрүп, аалам дагы ыйлап жатты. Баардыгы сени жоктоп, буркурап ыйлап жатты…” деп жазган ал…
Айсулуу Асыл кызы 
Aryba.kg

Аргумент.kg