
Семечканын пайдасынан зыяны көп
12-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКүн карама данында организмге керектүү жарым каныккан май кычкылдары, көптөгөн витаминдер жана микроэлементтер бар. Ошол эле учурда анын терс жактарын да эске алсак туура болот.
Пайдасы, жарым каныккан май кычкылдары зыяндуу холостериндин денгээлин азайтуу менен жүрөк — кан тамыр ооруларынан сактайт.
Е; витамини бырыштын жана жүрөктүн ооруларын алдын алат.
А; витамини терини жана көрүүнү жакшыртат.
В; витамини чачты какачтан бетти безеткиден сактайт.
D; витамини сөөктөрдүн калыптагыдай өсүшүн камсыздайт,остеопороздун жана рактын алдын алат. Имунитетти бекемдейт, калкан сымал бездин иштешин жакшыртат,кан басымды калыпка келтирүүдө башка дарылар менен кошо колдонсо пайдасы чон
Зыяны, тиш менен чакканда анын эмалын бузат. Эмаль жабыркаганда кариес жаралат. Калориялуулугу жогору болгондуктан толук адамдарга жана арыктайм дегендерге болбойт. Анткени 100 грамм күн караманы даны 580 килокалорияга ээ.
Тазаланбаган чаңдуусу ашказанга , ичегиге зыян, 1 стакан чан семичке чагуу 1 парчы метр полду тил менен жалоого барабар.
Ашыкча куурулган семичке зарна жаратат,ичти коптурот ашказан , ичегини жабыркатышы мүмкүн.
Жыйынтык;
Семечкени кез — кезде ашыкча куурулбаганын чакканга болот. Аны тиш менен эмес кол менен чыкканга үйрөнүү зарыл . Атайын өнөр жайларда даярдалганын сатып алуунуз он. Бир чакканда 2-3 аш кашык чаксаныз жетет, анда 200 колокалория бар.
Булак: Аргумент кж