Сел алып сегиз жашар бала каза болду

Сел алып сегиз жашар бала каза болду

12-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Өзгөн районундагы сел сегиз жашар баланын өмүрун алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 11 май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Коммунист, Токтогул жана Кирпичный айылдарын каптап турак жайларды короолорду  бузуп кеткен. Ал эми Большевик айылынын аймагында жер көчкү жүргөн.

Сегиз жашар бала мал кайтарып жүргөн жеринен селге кабылып агып кеткен. Баланы кийинчерээк ата-энеси эс учун жоготкон абалда табышкан. Ооруканадан өзүнө келе албай каза болуп калды.