Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев жеке фейсбук  баракчасына жазды:
“«Убакыт өтөт, баары унутулат» деген принцип менен би, же таза эле уятсыздыктан улам Асылбек Жээнбеков таңкалыштуу билдирүүлөрдү жиберип жатат.Колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирет экен. Эээй, колдоо көрсөткөндөр! Кандай инсандар болду экенсинер? Же Сооронбай Жээнбековдун убагында чет өлкөлөрдөн келген каражаттарды бөлүп алган немелерсинер би?Өлкөдөгү азыркы социалдык – экономикалык абалга сарсанаа болуп жаткан Асылбек Жээнбековдун сөзүн уксаң, ыйлагын келет. Ушул акыбалга ким алып келди? Үч эле жылда талкалап салдынарго, силерге чейин иштеген адамдардын эмгегин. Жок дегенде эми кийлигишпегиле! Жапаров менен Ташиевге койгула бул маселелерди.Мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин деп туруп, «Кумтор» иши боюнча документтердин тазалыгына таянып турат. Бул жерде күлкүң келет. Сокурларга айткандай эле сөздөр. Сооронбай Жээнбековдун убагында, өздөрүн хан элестетишкен – Опумбаев, Жунушалиев,Джамшутов, Асылбек жана Сооронбай Жээнбековтор мыйзамсыз Алмазбек Атамбаевге канчалаган кылмыш иштерди илгенин эл көрүп эле турду!Албетте, ак кагазга аркандай нерсени жаза берсе болот. Бирок бул фантастика жанрына кирет. Тарыхта жазылган сөздөрдү өчүрө албайсыңар, Жээнбековтор!”-деп жазды ал