Сеид Атамбаев: “Алмаз Атамбаев азыр бийликте болгондо эч качан элди мындай коркунучтуу илдет менен күрөшүүдө жалгыз таштабайт болчу”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 6-майда Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына азыркы бийликти сынга алып, жаңы пост жазып чыкты:
 
“Коронавирус учурунда биз бир дагы жолу бийликти сынга алып, каршылык көргөзүп же ага карата арызданган жокпуз. Бул кырдаалда биз саясий күч катары элге оор абалдан чыгууга көмөк көрсөтүү үчүн биригип, эч кандай жарнамасыз эле, ар дайымкыдай мүмкүнчүлүктүн болушунча жардам бердик.
 
Бүткүл дүйнөлүк практикада башка өлкөлөрдө премьер-министрлер, министрлер, чоң чоң чиновниктер ооруп жатышат, ал эми бизде карапайым дарыгерлер жана укук коргоо органдары оорунун курмандыктары болуп жатышканын көрүүгө болот. Ар дайымкыдай эле бийлик коркок жана абийирсиз! Биз укук коргоо органдарынын бизге жана биздин тарапташтарга карата кылган мыйзамсыз кыймылдарына карабай коронавирус маалында өз мүмкүнчүлүгүбүздүн чегинде жөнөкөй орган кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө аракет кылдык.
 
Алмазбек Атамбаевдин учурунда гранттар, кредиттер алынып, бирок миңдеген километр жолдор, жүздөгөн мектеп, бала бакчалар курулган, ал эми бүгүн мамлекеттик кызматкерлерге берилчү турак-жай курулуштарынын иши токтоп, Атамбаевдин учурунда курулуп баштаган онкологиялык оорукана да салынбай турат, мындай мисалдар жүздөп саналат.
Экономика өнүгүп, элдин жаркын жашоого үмүтү бар эле, азыр Кыргыз Республикасына келип түшкөн жүздөгөн миллион жардамдар жана гранттар кайда кетип жатканы эч кимге белгисиз.
 
Учурда эч бир өлкө КРге финансылык жардам көрсөтпөй жатат, ал эми Германия бийликтин коррупцияга малынганынан улам кызматташуудан баш тартты, жардам акчаны бир гана улуттук кызыкчылыгы жок эл аралык уюмдар берип жатат, анткени алар эл аралык мамиленин толук кандуу актору эмес уюмдар.
 
Мындай оор күндөрдө Алмазбек Атамбаевден жана анын тарапташтарынан кеңеш сурап, жардам алуунун ордуна, азыркы бийлик аларга карата мыйзамсыз аракеттерин улантып жатканы уят. Алмазбек Атамбаев азыр бийликте болгондо эч качан элди мындай коркунучтуу илдет менен күрөшүүдө жалгыз таштабайт болчу“,- деп жазган Сеид Атамбаев.
 
Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Аргумент.kg