Эки баланы тарбиялоодон тажаган аял сегиз жашар уулуна бензин куюп өрттөп ийген. Бул тууралуу Вести.ру маалымат агенттиги жазыпр чыкты.
Маалыматта окуя Россия Федерациясынын аймагында катталган. Анда 31- жаштагы аял уулу анын айткандарын аткарбай ойноп кеткени үчүн жазаламакчы болот. Ал уулун урушуп жаза тарта турганын айтат. Уулу апасы дазаламайынча тынч койбосун түшүнүп апасы айткан жерде кыймылдабай турган. Апасы баланын башынан ылдый бензинди куюп андан кийин үч жолу ширеңке тартып төртүнчүсү менен от тамызып ийген. Алгач бала жан далбас кылып короодо ары бери чуркап карга оонап өчүрүүгө аракет кылып жардам сурап кыйкыра баштаган. Кыйкырыкты уккан кошуналары келип жалынга оронгон өспүрүмдү өчүрүп калышкан. Бирок баланын денесинин басымдуу бөлүгү күйүп калганга ооруканага жетпей көз жумган. Сурак учурунда аял алгач электр түйүнү күйүп от балага жабышкан деген. Кийин эки баладан тажап жүргөнүн уулу ошол күнү берген убадасын унутуп ойноп кеткени үчүн аны жазалоого аракет кылганын мойнуна алып окуяны айтып берген. Ошондой эле ал өзүнө көп жыл абакта калтыруусун суранган. Эмне себептен өз уулуна бензин куюп өрттөп ийгенин айтканда ал жашоодон балдарды кароодон тажап эс алгысы келип жүргөнүн билдирген.
Окуя тууралуу кошуналары аял балдарына мыкаачылык менен мамиле кылып келгенин, кыштын күнү жылаңайлак бутуна резинка кепичти кийип суу ташытып келгенин дайыма балдарды мыкаачылык менен жазалаганын айтышкан.
Сот аялдын суранган 19 жылга эмес 15 жылга эркинен ажыраткан.