Коом

Себиң мени уят кылды деп кайненем каарып жатат

Турмушка чыкканыма бир жыл болуп калды. Кайненем себин начар келди курбуларыма шылдын бодум деп мага күн көрсөтпөй жатат. Аны кантип апама айтам, алар мага сеп даярдайбыз деп 300 миң сом кредит алышып эми кыйналып төлөп келишет. Апам менен атамдын пенсиясы биригип он эки миңди түзөт. Үйдө он бештей тоок багышып, анын жумурткасын дүкөндөргө өткөрүп чай-чамек алышат. Аны кайненем түшүнбөй жатат. Күйөөм болсо маминкин сынок  болуп чоңойгон. Кайнененин каары мени бактылуу кылбай го деп жатам. Баламды апама таштап Россияга барсам мага жумуш табылабы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *