Саясат

Сатыбалдиев: “Бакиев менен иштешкен деп жүзүмө көө шыбаганыңар жукпайт”


Мурунку башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Vesti.kg сайтына маек берди. Анда ал “Бакиевдин кадрлары” бийликке келе баштады деген коом ичиндеги имиштерди жана парламенттик шайлоого атсалганы тууралуу түшүндүрмө берген. 

Элмурза Сатыбалдиев:- “Кыргызстанда 11 жылдан бери Бакиев жок. Бирок ал өлкөнү башкарып турганда бийликте иштеп жүргөндөр, өлкөдө жашап, иштеп эле жүрүшөт. 2010-жылкы башаламандыктан кийин сабатсыз адамдардын саясий аренага келишине биз күнөөлү эмеспиз. Мен Бакиев убагында иштегем, эми муну мага копромат кыла албайсыңар,” деген.

Анын айтымында ал саясий аренага кайтып келүү чечимдү апрель окуяларынан кийин 2010-жылы эле кабыл алган. Бирок, Бакиевге тиешелүү ызы-чууларга байланыштуу бул чечимди ушу күнгө чейин кармап келген. Азыркы шайлоо боюнча жаңы мыйзамдын алкагында эч бир партияга кошулбай, күчүмдү бир мандаттуу округдан сынап көрүүнү туура көргөнүн билдирген.

Элмурза Сатыбалдиев бир мандаттуу № 12 шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышат. Ал бур тууралуу арызын бүгүн БШКга берген.

Белгилей кетсек, Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин кеңешчиси, башкы прокурору жана башка бир топ жогорку кызматтарды аркалаган. 2010-жылы «Кызматтык абалына кыянаттык» беренеси боюнча, апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, 2017- жылы Аламүдүн райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *