
Сары-Челек — 10 миң жыл мурда пайда болгон көл
29-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстан – асман тиреген тоорлорунда ак кар, көк муз мөңгүлөр жаткан, жаратылышы кооз өлкө. Тоолуу өлкө болгондуктан Кыргызстанда көлдөрдүн саны көп. Болжол менен 2 миңге жакын көл бар. Алардын ичинен 16сы ири деп эсептелет. Ири көлдөрдүн катарында Сары-Челек көлү бар.
Сары-Челек чоңдугу боюнча Кыргызстандагы төртүнчү көл болуп саналат. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Сары-Челек» коругунда жайгашкан. Айта кетчү нерсе коруктун аймагында Сары-Челектен тышкары дагы 6 майда көл бар.
Булак: Аргумент кж